Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сооронбаев: таттуу суусундуктар аллергияны күчөтөт

© Sputnik / Диля АлымоваМирсаид Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия борборунун өпкө оорулары жана аллергия бөлүмүнүн башчысы, профессор Талант Сооронбаев. Архив
Мирсаид Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия борборунун өпкө оорулары жана аллергия бөлүмүнүн башчысы, профессор Талант Сооронбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мирсаид Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия борборунун өпкө оорулары жана аллергия бөлүмүнүн башчысы, профессор Талант Сооронбаев соңку жылдары дүйнө жүзү боюнча аллергия оорусунан жапа чеккендер көбөйүп жаткандыгын айтты.
Сооронбаев: таттуу суусундуктар аллергияны күчөтөт

Таттуу суусундуктар аллергия дартын күчөтөрү туурасында дүйнөдөгү бир нече окумуштуулар айтып келишет. Бул тууралуу Талант Сооронбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, организм үчүн табигый суудан өткөн пайдалуу суусундук жок.

"Адамдын иммундук системасы өтө таатал жана назик келет. Аны бузуп алган учурда аллергиянын ар кандай түрлөрү пайда болот. Сатыкта турган түрдүү таттуу суусундуктар иммунитетти талкалап эле эмес, аллергия пайда болсо аны күчөтүп жиберет. Мындай суусундуктарга бир эле газдалгандары кирбейт. Курамында шекери бар бардыгынан баш тарткан туура. Мындан сырткары, бала төрөлгөндөн тартып аны табият менен аралаштыруу керек. Башкача айтканда үй жаныбарлары менен ойноп, гүл терип, аккан сууга түшүп чоңойгон балдардын иммунитети күчтүү болот. Мындан соң алардын организми кийин кандайдыр бир сырттан келген затка аллергия болбой, туруштук бере алат", — деди Сооронбаев.

Дарыгер абанын булганышы да аталган дарттын жаралышына өбөлгө болорун кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0