Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дамир уулу: туристтерге медициналык кызмат көрсөткөн борбор ачабыз

© Sputnik / Бегимай БакашеваТуризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу. Архив
Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу өлкөдө саякатчыларды тейлөө эл аралык стандарттарга жооп бербей турганын айтты.
Дамир уулу: туристтерге медициналык кызмат көрсөткөн борбор ачабыз

Алыскы тоолуу аймактарга аттанган туристтерди алгач медициналык кароодон өткөрүүчү борбор ачуу пландалууда. Бул тууралуу Максат Дамир уулу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган медициналык жайда туристтерди Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборунун кызматкерлери тейлейт.

"Кыргызстанга туристтер көбүнесе тоолорго кызыгып келишет. Алар ат менен же жөө жүрүүчү турларды тандашат. Мындай саякаттоодо түрдүү кырсыктарды эске албаганда да климатка дароо көнүп кетүү кыйын. Андыктан келген туристтерди тиешелүү адистер алгач медициналык кароодон өткөрүп, консультация берип, анан узаттуусу талапка ылайык. Мындай кадамдар менен биз аз да болсо тейлөө багытында эл аралык стандарттарга жакындашкан болор элек", — деди Дамир уулу.

Ал аталган долбоор август айынан тарта иштеп баштарын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0