Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Назарбеков: 12 жашка чейинкилердин жалгыз сууга түшүүсүнө тыюу салынган

© Sputnik / Сергей АладьевНачальник службы спасения Управления МЧС по Бишкеку Мелис Назарбеков
Начальник службы спасения Управления МЧС по Бишкеку Мелис Назарбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын башчысы Мелис Назарбеков жаш балдардын сууга чөгүп жатышына көпчүлүк учурда ата-энелер күнөөлүү экенин айтты.
Назарбеков: 12 жашка чейинкилердин жалгыз сууга түшүүсүнө тыюу салынган

Адамдын өмүрүн сактоо боюнча эрежеде 12 жашка чейинкилердин жалгыз сууга түшүшүнө тыюу салынган. Бул тууралуу Мелис Назарбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сууга түшүп жаткан балдар ата-энесинин көзөмөлүндө болууга тийиш.

"Жаш балдардын сууга чөгүп жатышына көпчүлүк учурда ата-энелердин кайдыгерлик мамилеси себеп. Адамдын өмүрүн сактоо боюнча эрежеде 12 жашка чейинкилердин жалгыз сууга түшүшүнө тыюу салынган. Жаш балдарды көл, көлмө, агын суу сыяктуу жууна турган жайларга жалгыз жибербеш керек. Сууга түшүп жаткан кезде сөзсүз аны карап турган киши болушу шарт. Баланын өмүрү үчүн биринчи кезекте ата-эне жоопкер", — деди Назарбеков.

Ал ошондой эле сууга чөгүү фактылары шар аккан сууларда көп катталып жаткандыгын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0