Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдразаков: быйыл жалпысынан 59 жол чырак коюу каралган

© Sputnik / Эркин СадыковБишкек мэриясынын жол кыймылын жана жол-транспорт инфраструктурасын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Мадылбек Абдразаков
Бишкек мэриясынын жол кыймылын жана жол-транспорт инфраструктурасын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Мадылбек Абдразаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын жол кыймылын жана жол-транспорт инфраструктурасын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Мадылбек Абдразаков жол чырактарды орнотууда шаардыктардын пикири эске алына турганын айтты.
Абдразаков: быйыл жалпысынан 59 жол чырак коюу каралган

2019-жылы Бишкек шаары боюнча транспорттук 27, жөө жүргүнчүлөр үчүн 32 жол чырак коюу маселеси каралган. Бул тууралуу Мадылбек Абдразаков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бир кесилишке жол чырак орнотуу үчүн 70-80 күн кетет.

"Биздин бөлүм 2017-жылдын 4-июлунда ачылган. Учурда беш кызматкер иштейт. Шаар тургундарынын, айдоочулардын жана акимчиликтин пикирин эске алуу менен унаалар көп каттаган кесилиштерге жол чырактарын коюп келебиз. 2019-жылы Бишкек калаасы боюнча 27 транспорттук, 32 жөө жүргүнчүлөр үчүн жол чырак коюу маселеси каралган. Белгиленген мөөнөткө чейин бүтүрүүгө бардык аракеттер жасалууда", — деди бөлүм башчысы.

Мындан сырткары, Абдразаков өзгөчө жаштарды жол чийинден өтүп жатканда кулакчынын кулагынан алып коюуга чакырды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0