Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бообекова: бир китепти басып чыгаруу үчүн 40 жыл мээнет кылдым

© Sputnik / Асель АкматалиеваЖусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Сайнаке Бообекова
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Сайнаке Бообекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Сайнаке Бообекова бир китепти басып чыгаруу үчүн 40 жыл мээнет кылганын айтты.
Бообекова: бир китепти басып чыгаруу үчүн 40 жыл мээнет кылдым

Билим берүү мекемелери үчүн 800 нускада "Жалпы жана органикалык эмес химия боюнча көнүгүүлөр жыйнагы" аттуу эмгек жарык көрдү. Бул тууралуу Сайнаке Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өзү 57 жылдан бери студенттерге химия предмети боюнча сабак өтүп келет.

"Быйыл Кыргыз улуттук университетинде иштегениме 57 жыл толду. Мен иштеп баштаган кезде эле студенттер химия сабагын орус тилинде окугандан кыйналчу. Бул себептен 1983-жылы Кыргызстанда алгачкылардан болуп химия боюнча кыргызча китеп даярдагам. Сабактардан чыгып эле, бош убактымда китеп жазганга киришчүмүн. Ушул жылы Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен 800 нускада "Жалпы жана органикалык эмес химия боюнча көнүгүүлөр жыйнагы" аттуу эмгегим жарык көрдү. Ага 40 жылдык мээнетим кетти", — деди Бообекова.

Окутуучу буга чейинки китептери өтө аз нускада чыгып келгенин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0