Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Карипов: жеке нотариустардын жоопкерчилигин күчөтүү зарыл

© Sputnik / Асель АкматалиеваПредставитель Союза водителей транспортных средств КР Нурмухамед Карипов
Представитель Союза водителей транспортных средств КР Нурмухамед Карипов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын транспорт каражаттарынын айдоочулары бирикмесинин өкүлү Нурмухамед Карипов кандай кырдаал жаралбасын айдоочулар биринчи кезекте мыйзамды так аткарууга милдеттүү экендигин айтты.
Карипов: жеке нотариустардын жоопкерчилигин күчөтүү зарыл

Жеке менчик нотариустардын жоопкерчилигин күчөтүү зарыл. Бул тууралуу Нурмухамед Карипов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, менчик нотариустар автоунаалардын документтеринин ирээттүүлүгүн дыкат текшербей эле ишеним кат берип жатышат.

"Учурда ЖКККББ ишеним катты айдоочулар милдеттүү түрдө алып жүрүүчү документтердин катарына кошууну сунуштап жатат. Мен муну колдойм, анткени "Коопсуз шаар" долбоору киргенден тарта көп учурда унаасын сатып жиберген мурдагы ээлери жапа чегүүдө. Машинасын өз ысымына өткөрбөй айдап жүргөн айдоочулар айып пулду атайын төлөбөй койгон да фактылар бар. Мындай нерселер болбошу үчүн ишеним каттын ордун күчөтүү зарыл. Ошондой эле жеке нотариустарды тиешелүү мекемелер көзөмөлгө алып, көлүктөргө ишеним кат берүү жоопкерчили кайрадан каралып чыгуусу керек", — деди Карипов.

Ал айдоочуларды мыйзамды сыйлоого жана жол эрежелерин так билүүгө чакырды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0