Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исабеков: жогорку билимдүү жаштар аскер кызматына көп келе баштады

© Sputnik / Эркин СадыковПолковник Руслан Исабеков
Полковник Руслан Исабеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук гвардия аскерлеринин жарымынан көбү жогорку билимдүү солдаттар.
Исабеков: жогорку билимдүү жаштар аскер кызматына көп келе баштады

Улуттук гвардиянын кол башчысынын орун басары, полковник Руслан Исабеков аталган гвардия үч бөлүктөн турарын айтты.

Аскерге, анын ичинен Улуттук гвардияга кызмат өтөөнү каалаган жогорку билимдүүлөрдүн саны жылдан жылга көбөйүүдө. Бул тууралуу Руслан Исабеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган аскердик бөлүктө кызмат өтөөчүлөргө коюлган бир топ суроо-талаптар бар. Башкысы - аскер жана анын үй-бүлө мүчөлөрү мурда соттолбогон болуш керек.

"Улуттук гвардияда кызмат өтөөгө кызыккан уландардын саны жыл сайын өсүп жатат. Акыркы учурда бир орунга 15 каалоочу келүүдө. Биздин гвардия үчкө бөлүнөт. Биринчиси - Ардак кароол, экинчиси - Атайын багыттагы жана даярдыктагы "Пантера" бригадасы, үчүнчүсү - мамлекеттик маанилүү жайларды кайтарган "Эдельвейс" түзүмү. Бул үч бөлүккө жоокерлер өз-өзүнчө тандалат. Мисалы, Ардак кароолго келген аскердин денесинде эч кандай так же тырык болбошу керек. Бою 180 сантиметрден узун болууга тийиш. Ал эми "Пантера" бригадасына спорттук жетишкендиктери бар жигиттер кабыл алынат. Алар ар дайым күжүрмөн даярдыкта болуп, түздөн-түз башкы кол башчынын карамагында турушат. Ошондой эле "Эдельвейске" кабыл алынган аскердин бою 175 сантиметрден кем эмес болуусу шарт. Азыркы тапта Улуттук гвардияга жогорку билимдүү жаштар көп келип жатат. Учурда алар өздүк курамдын 60 пайызын түзөт", — деди Исабеков.

Ошондой эле ал 20-июлда №701 аскер бөлүгүндө Улуттук гвардиянын 27 жылдыгы белгиленерин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0