Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асрандиев: ишкер аялдар үчүн насыя алуу жолдору жөнөкөйлөштүрүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековПредседатель правления Российско-кыргызского фонда развития Эркин Асрандиев
Председатель правления Российско-кыргызского фонда развития Эркин Асрандиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун төрагасы Эркин Асрандиев өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен ишкер аялдарды колдоо максатында атайын программа даярдалып жаткандыгын айтты.
Асрандиев: ишкер аялдар үчүн насыя алуу жолдору жөнөкөйлөштүрүлдү

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунан ишкер аялдар үчүн насыя алуу жолдору жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул тууралуу Эркин Асрандиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасына маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин 700дөн ашуун ишкер аял аталган фонду тарабынан жалпы наркы 68 миллион долларды түзгөн насыяны банк аркылуу алган. Дагы 10 ири ишкананын кожойкеси 43,5 миллион долларга фондудан түз каржыланган.

"Үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда ишкер аялдардын улуттук форуму өттү. Анда  өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ишкер аялдарды колдоо максатында атайын программа иштеп чыгуу тапшырмасын берген. Ага ылайык, биздин фонду жана мамлекеттик үлүшү бар финансылык уюмдар эки айдын аралыгында тийиштүү талапты аткарышы керек. Бүгүнкү күндө аталган программанын алкагында биз ишкер аялдарга насыя берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрдүк. Эми алар үч талапты аткарса эле эч тоскоолдуксуз өздөрүнүн ишмердүүлүгүнө жараша кредит ала алышат. Буга ылайык, ишкер тарап чыгашанын 15-20 пайызын өзү каржылайт. Экинчиден, алар төлөм шарттарын көрсөтүшү керек жана күрөөгө койгон мүлкү болушу зарыл. Эгер күрөөгө байланыштуу маселе жаралса,  ага кепилдик фондусу жардам бере алат. Аял ишкерлер мурункудай көп сандагы маалымкат чогултушпайт", — деди Асрандиев.

Ошондой эле ал аймактардагы ишкерликти колдоо максатында жыл башынан бери Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 32 миллион доллар бөлгөндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0