Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумаканова: жер-жемиштин курамындагы антибиотиктер иммунитетти талкалайт

© Sputnik / Адилет ИмановНачальник Центра лабораторных испытаний Госсанэпиднадзора Айгуль Жумаканова
Начальник Центра лабораторных испытаний Госсанэпиднадзора Айгуль Жумаканова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин сыноочу лабораториялык борборунун жетекчиси Айгүл Жумаканова учурда антибиотиктер суу жана жер кыртышынан тарта бүтүндөй айлана-чөйрөгө сиңип кеткендигин айтты.
Жумаканова: жер-жемиштин курамындагы антибиотиктер иммунитетти талкалайт

Адам күнүмдүк жашоосунда колдонгон бардык азык-түлүктүн курамында антибиотик бар. Бул зат кишинин денесине өтүп, иммунитетти жабыркатат. Анын кесепетинен адам баласы олуттуу ооруга чалдыгышы мүмкүн. Бул тууралуу Айгүл Жумаканова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, фермерлердин басымдуу бөлүгү көбүрөөк каражат табыш үчүн баккан малын семиртип жатканда жана өсүмдүктөрдү эртерээк жетилтүүдө ар кандай химиялык заттарды колдонушат. Алардын арасында антибиотик жана нитраттар бар.

"Учурда антибиотиктер айлана-чөйрөнүн бардык катмарына сиңип кетти. Анткени аталган дарыны адамдар башаламан колдонуп жатышат. Азыркы тапта малды антибиотик менен семиртишет экен. Бул салмак алууну шарттай турчу өтө туура эмес ыкма. Анткени алардын денесине сиңген антибиотик кайра чыкпайт. Ал ошондон ары азык болуп, тамак-аш менен чогуу адамга өтөт. Мындай жол менен кишиге кирген антибиотик иммунитеттин начарлоосуна гана алып келбестен, организмде туруктуу орноп калат. Кийин адам ооруганда башка дары-дармектердин таасири тийбей калышы мүмкүн. Андан сырткары, аталган зат малдын заңы менен сууга жана жер кыртышына сиңет. Ошону менен ал жерден өсүп чыккан өсүмдүктүн курамында да болот. Аны кайра мал жейт. Малдын этин жана сүтүн киши азык катары колдонот. Ошентип бул айланма процесс кайталана берет. Мындан улам фермерлерди ден соолукка зыян катары эсептелген антибиотик жана нитрат сыяктуу химиялык заттарды колдонбоого чакырат элем ", — деди Жумаканова.

Ошондой эле ал антибиотиктердин ден соолукка тийгизген терс таасири Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм тарабынан бүгүнкү күндөгү эң кооптуу беш көйгөйдүн катарына киргендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0