Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чокомбаев: жай башталгандан бери сууга чөгүп каза болгондордун саны 81ге жетти

© Sputnik / Асель АкматалиеваӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык куткаруу иштери боюнча башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн улук офицери, майор Өмүрбек Чокомбаев
ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык куткаруу иштери боюнча башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн улук офицери, майор Өмүрбек Чокомбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык куткаруу иштери боюнча башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн улук офицери, майор Өмүрбек Чокомбаев сууга чөккөндөрдүн саны күндөн-күнгө өсүп жатканын айтты.
Чокомбаев: жай башталгандан бери сууга чөгүп каза болгондордун саны 81ге жетти

Быйыл жай мезгилинде өлкө боюнча сууга чөгүп каза болгондордун саны 81ге жетти. Бул тууралуу Өмүрбек Чокомбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, былтыр ушул маалда 70 адам сууга чөгүп көз жумган эле.

"Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл сууга чөккөндөрдүн саны көп болуп жатат. Ата-энелер өзүнүн жана балдарынын өмүрүнө кайдыгер мамиле жасап жаткандыктан, мындай учурлар көп катталууда. 2018-жылы ушул маалда республика боюнча 70 адам сууга чөгүп көз жумган. 2019-жылы,  тилекке каршы, кырсыктын саны өсүп,  81 адам өмүрү менен сууда кош айтышты. Көлгө караганда агын сууларда жана каралбай калган көлмөлөрдө сууга чөккөндөрдүн саны көп. Тиешелүү министрликтер түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бирок жыйынтык бербей жатат", — деди ӨКМдин өкүлү.

Чокомбаев сууга чөгүү фактылары Ысык-Көл аймагына салыштырмалуу Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында көбүрөөк катталып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0