Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамытова: улуттук көркөм тасмаларды жаратуу үчүн сынак жарыяланды

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаментинин бөлүм башчысы Элвира Мамытова. Архив
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаментинин бөлүм башчысы Элвира Мамытова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаментинин бөлүм башчысы Элвира Мамытова "Кыргыз кереметин" улантуу максатында кино долбоорлорго сынак жарыялангандыгын айтты.
Мамытова: улуттук көркөм тасмаларды жаратуу үчүн сынак жарыяланды

Сынактын максаты — Кыргызстанда иш алып барган жеке менчик студияларга колдоо көрсөтүү. Бул тууралуу Элвира Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, келип түшкөн долбоорлор эксперттик комиссия тарабынан тандалып алынат.

"Кыргыз кереметин" улантуу максатында кино долбоорлорго сынак жарыяланды. Максаты — жеке менчик студияларды колдоо. Бул демилге 2016-жылы башталган. Ага чейин мамлекет тарабынан жеке менчик студияларга көңүл бурулбайт деген пикир коомчулукта айтылып келген. Сынактан жеңген долбоорлорго каражат бөлүнүп берилет. Социалдык, өзгөчө, балдарга байланышкан темаларга басым жасалмакчы. Тасмалар Кыргызстанда тартылып, автору жана актерлору КРдин жарандары болууга тийиш. Конкурска катышууга арыздар 2019-жылдын 8-июлунан 8-августуна чейин кабыл алынат", — деди Мамытова.

Ал эксперттик комиссия келген сценарийлерди бардык жактан кылдаттык менен карап чыгарын кошумчалады.

Толук маалымат алуу үчүн сурап-билүү телефону: 0312 30 10 42

Жаңылыктар түрмөгү
0