Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жуманалиева: квалификациялуу юридикалык жардам берчү 300дөй адвокат бар

© Sputnik / Асель АкматалиеваКМЮАнын Жарандык жана үй-бүлө укугу кафедрасынын окутуучусу, адвокат Айжан Жуманалиева
КМЮАнын Жарандык жана үй-бүлө укугу кафедрасынын окутуучусу, адвокат Айжан Жуманалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдын негизинде адвокаттардын атайын  реестри түзүлдү. Бул туурасында  КМЮАнын Жарандык жана үй-бүлө укугу кафедрасынын окутуучусу, адвокат Айжан Жуманалиева айтты.
Жуманалиева: квалификациялуу юридикалык жардам берчү 300дөй адвокат бар

Учурда 300дөн ашуун жактоочу  муктаж болгон жарандарга акысыз квалификациялуу юридикалык жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу Айжан Жуманалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жактоочулардын реестрине юристтер атайын арыз жазып, өз ыктыяры менен кабыл алынат жана ал тизмеге кирип, каттоодон өткөндөн кийин квалификациялуу юридикалык жардам берүү укугуна ээ болушат.

"Бүгүнкү күндө ар бир аймакта Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборлор бар. Ал жакка жарандар юридикалык талаада чечиле турчу ар кандай маселе менен кайрылса болот. Аталган борборлорго түшкөн арыз, даттануулардын татаалдыгына жараша бөлүштүрүлөт. Эгер кандайдыр бир көйгөй боюнча квалификациялуу юридикалык жардам керек болсо, координатор дароо ал ишти жактоочулардын реестриндеги укук коргоочулардын бирине өткөрүп берет. Алар өз кезегинде тийиштүү жардамын жана кеп-кеңешин берүүгө милдеттүү. Реестрге катталган айрым адвокаттардын иштөө тартиби 24 саат. Мисалы, Бишкек шаарындагы Ленин районунун укук коргоочулары күндүр-түндүр нөөмөттө. Ал жактагы юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборуна жөнөкөй жарандан тарта, тергөөчү, прокурорго чейин кайрылып, квалификациялуу акысыз юридикалык жардам бере турчу жактоочу жалдаса болот", — деди Жуманалиева.

Ошондой эле ал мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча мыйзамдын алкагында координациялык кеңеш да түзүлгөндүгүн айтты. Андагы мамлекеттик органдардын мүчөлөрү жана юридикалык клиникалар, коммерциялык, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү калктын укуктук сабатын көтөрүүгө көмөктөшүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0