Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ыбышева: аллергиясы барлар идишти табигый каражаттар менен жууганы жакшы

© Sputnik / Максат ЭлебесовВрач-эпидемиолог Бактыгуль Ыбышева
Врач-эпидемиолог Бактыгуль Ыбышева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Врач-эпидемиолог Бактыгүл Ыбышева аллергиясы бар адамдар үчүн көпчүлүк колдонуп жүргөн идиш жуучу каражаттар кооптуу экендигин билдирди.
Ыбышева: аллергиясы барлар идишти табигый каражаттар менен жууганы жакшы

Аллергиясы барлар идиш жууганда лимонду, аш содасын же горчицаны колдонгону туура. Бул тууралуу Бактыгүл Ыбышева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, соңку жылдары аллергиядан жабыр тарткандардын саны өсүүдө.

"Аллергиясы бар адамдар химиялык заттардан этиятташы керек. Анын ичинде идиш жуучу каражаттарды тандоодо да дыкат болушу зарыл. Аллергиясы барлар үчүн атайын жуучу каражатты рекламадан көрүп калып, сатып алууга шашылбаңыз. Алгач анын курамы менен таанышыңыз. Ошондой эле жарамдуулук мөөнөтү да абдан маанилүү. Мындай жуугучтарды алгандан кийин да аз өлчөмдө колдонуп, алгач текшерип көрүңүз. Ал эми эң коопсуз жолу - табигый агартуучуларды пайдалануу. Мисалы, суу кайнаткан чайнектеги кебээрди тазалоо үчүн бир лимонду туурап, суу куюп жакшылап кайнатыңыз. Ал эми май калдыктарын кетирүүгө аш содасы, жыттардан арылууда уксуз жакшы жардам берет", — деди Ыбышева.

Адис эгер кандайдыр бир химиялык жууп-тазалоочу каражаттан аллергия пайда болсо, өз алдынча дарыланбай дароо дарыгерге кайрылууну кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0