Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сагындык уулу: Бишкек мэриясы 2020-жылга чейин ижарага жер бербейт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын жетекчиси Азамат Сагындык уулу. Архив
Бишкек мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын жетекчиси Азамат Сагындык уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгынын жетекчиси Азамат Сагындык уулу Бишкек шаардык кеңеши калаадагы ижарага берилчү жерлерге бир жылдык мораторий киргизүү тууралуу токтом кабыл алгандыгын айтты.
Сагындык уулу: Бишкек мэриясы 2020-жылга чейин ижарага жер бербейт

Бишкек шаарында 2020-жылга чейин ижарага жер берилбейт. Бул тууралуу Азамат Сагындык уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасына маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда калаа жетекчилиги жер бөлүштүрүү жана жерлерди ижарага берүү процедурасын иретке келтирүү, ошондой эле аны электрондук системага өткөрүү багытында алты жобо иштеп чыкты.

"2018-жылы борбор калаада мыйзамсыз жер бөлүштүрүү боюнча резонанс жараткан фактылар катталып, анын натыйжасында кылмыш иши козголгон учурлар болду. Мындан улам биз тийиштүү анализдерди жүргүзүп, жыйынтыгында укуктук ченемдерди жана иш кагаздарды иретке келтирүү чечимин кабыл алганбыз. Ага ылайык, жер бөлүштүрүү жана ижарага берүүгө бир жылдык мораторий киргизүү сунушу менен шаардык кеңешке кайрылдык. Ал жерден демилгени дароо колдоп беришти. Учурда бул боюнча тийиштүү иштер аткарылып, муниципалдык жерди ижарага берүү, келишимди узартуу, аны токтотуу, жерди башка бирөөгө өткөрүп берүү жана менчикке чыгаруу багытында алты жобо иштелип чыкты. Азыркы тапта долбоор шаардык кеңештин кароосунда", — деди Сагындык уулу.

Ал ошондой эле 2020-жылдан тарта Бишкек мэриясына таандык жерлер жаңы жобо менен ижарага бериле турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0