Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мурзалиев: Экономика министрлиги ишкерлерге акысыз окуу курсун сунуштайт

© Sputnik / Досхан НусупбековЭкономика министрлигинин инвестициялык саясат бөлүмүнүн башчысы Ханчоро Мурзалиев
Экономика министрлигинин инвестициялык саясат бөлүмүнүн башчысы Ханчоро Мурзалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика министрлигинин инвестициялык саясат бөлүмүнүн башчысы Ханчоро Мурзалиев "Эмпретек" эл аралык бизнес курсу алгачкы ирет Кыргызстанда окутуларын айтты.
Мурзалиев: Экономика министрлиги ишкерлерге акысыз окуу курсун сунуштайт

Бириккен Улуттар Уюмунун ишкерликке арналган бул окуу долбоору дүйнөнүн 40ка чукул өлкөлөрүндө бар. Бул тууралуу Ханчоро Мурзалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган окуу курсу республикада алгачкы ирет уюштурулуп жатат.

"Эмпретек — ишкерлерге арналган окутуу курсу. Кыргызстанга биринчи жолу келүүдө. Биздин министрлик эл аралык деңгээлдеги эки окутуучуну чакырды. Алар үстүбүздөгү жылдын 29-июлунан 3-августуна чейин келип, каалоочуларды окутат. Семинар абдан интенсивдүү, күн сайын эртең мененки 9:00дөн кечки 18:00гө чейин сабактар өтүлөт. Эмпретекке катышууну каалаган ишкерлер Экономика министрлигинин расмий сайтына кирип, атайын даярдалган анкетаны толтуруу жетиштүү. Алгачкы жолу өткөрүлүп жаткандыктан курс акысыз. Биз документ тапшырган 40 ишкердин анкетасын тренерлерге жөнөтөбүз. Алар ичинен 25ин тандап алышат. Мына ушул тандоодон өткөндөр алты күндүк акысыз курска катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Окуу курсу чакан жана орто ишкерлерге багытталып, айыл-чарба, өндүрүш тармагына басым жасалат", — деди Мурзалиев.

Аткаминер окуу курсу Гарвард университетинин методологиясы боюнча иштелип чыккандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0