21:36 16 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0865
  • RUB1.0855
Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун жетектөөчү адиси Динара Эркинбаева
© Sputnik / Досхан Нусупбеков

Эркинбаева: мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын эки түрү бар

Радио
Кыскача шилтеме алуу
4810

Конституциянын 40-беренесинин 3-пунктуна ылайык, ар бир жаран квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу. Бул туурасында Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун жетектөөчү адиси Динара Эркинбаева айтты.

Мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардам — консультациялык укуктук жана квалификациялуу юридикалык көмөк деп экиге бөлүнөт. Бул тууралуу Динара Эркинбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, акысыз юридикалык жардам берген жактоочулардын маянасы мамлекет тарабынан төлөнөт.

"Арыз, даттануулар боюнча юридикалык маалымат алууда, укуктук маселелер тууралуу түшүндүрмөгө муктаждык жаралганда жана документтерди түзүүдө бардык жарандар мамлекет кепилдеген акысыз укуктук кеңеш ала алышат. Ал эми квалификациялуу юридикалык жардамдын алкагында маалыматтан сырткары жарандык, жазык жана административдик иштер боюнча жактоочулар көмөк көрсөтүшөт. Мамлекет тарабынан сунушталып жаткан мындай жардам кыргызстандыктар үчүн толугу менен бекер жана алар аны менен каалаган учурда колдоно алышат", — деди юрист.

Ал Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору 2017-жылдын 31-майында түзүлгөндүгүн кошумчалады.

Тема боюнча

Кыргызстанда күбөнү суракка кайсы учурда мажбурлап алып келет. Юристтин жообу
Белгилер:
юридикалык жардам, мамлекет

ЭҢ МААНИЛҮҮ