11:55 12 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8426
  • EUR77.0294
  • RUB1.0928
Карек балдар кино фондусунун жетекчиси Толкун Дайырбекова
© Sputnik / Асель Акматалиева

Дайырбекова: балдардын келечегине азыртадан баштап кам көрсөк, түшүмүн берет

Радио
Кыскача шилтеме алуу
41 0 0

"Карек" балдар кино фондусунун жетекчиси Толкун Дайырбекова өспүрүмдөр келечектеги кесибин тандоодо жөндөмдүүлүгүн жана каалоосун алдыңкы планга коюш керектигин айтты.

"Карек" жайкы кино лагери балдарга туура кесип тандоого шарт түзүп берет. Мындай пикирин Толкун Дайырбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк кесип тандоодо өзүнүн эмес, өзгөлөрдүн пикирин эске алат.

"Аталган кино лагерге катышып жаткан балдар азыр көп маани бербесе да, 10-20 жылдан кийин мындай лагерь алар үчүн мыкты мүмкүнчүлүк болгонун түшүнөт. Сап башында турган кыргыз тасмаларын көрүп, ошол эле учурда алардын режиссерлор менен баарлашып, кызыккан суроолорун бергенге аянтча түзүп берип келебиз. Өспүрүмдөрдүн кабыл алуусу бат жана өзгөчө. "Карек" жайкы кино лагеринин максаты — балдарга жол көрсөтүү. Эгер бала чын эле кино дүйнөсүндө келечегин көрө алса, көптөгөн эшиктерди ачып берүүгө, өзү сүйгөн кесиптин ээси болушуна шарт түзүп беребиз. Багыт алуу деген өзүнчө чоң маселе. Көпчүлүк үй-бүлөнүн, айланадагы адамдардын таасири менен кесип тандайт. Кызыгы, баланын каалоосун эске алгандар абдан эле аз. Мен актриса болгусу келген кыз-келиндерди, режиссер болууну самаган жигиттерди көп кездештирем. Тилекке каршы, алардын каалоолору кыял боюнча калып жатат. Ошондуктан балдардын келечеги үчүн азыртадан баштап кам көрсөк, эртең эле түшүмүн бербесе да, жашоосунда сөзсүз ийгилик жаратат деп ойлойбуз", — деди Дайырбекова.

Ал аталган кинолагер 10-19-июль күндөрү Ысык-Көлдүн Алмалуу айылында өтөрүн кошумчалады.

Тема боюнча

"Кыргыз кереметин" улантуу максатында кино долбоорлорго сынак жарыяланды
Белгилер:
өспүрүм, лагерь, кино

ЭҢ МААНИЛҮҮ