Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кубанов: Ош жана Каракол шаарларында IT-академиялары ачылат

© Sputnik / Иван ШульдяковБилим берүү жана илим министринин коомдук башталгычтагы кеңешчиси Нурсултан Кубанов
Билим берүү жана илим министринин коомдук башталгычтагы кеңешчиси Нурсултан Кубанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министринин коомдук башталгычтагы кеңешчиси Нурсултан Кубанов Кыргызстанда IT-адистерин даярдаган окуу жайлар аз экендигин айтты.
Кубанов: Ош жана Каракол шаарларында IT-академиялары ачылат

Аймактардагы билим сапатын жакшыртуу максатында быйыл Ош шаарында IT-академиясы ачылат. Ал эми 2020-жылы ушундай эле окуу жай Караколго курулмакчы. Бул тууралуу Нурсултан Кубанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул жылы Ош калаасына ачылып жаткан IT-академияга жалпы 300 абитуриент кабыл алынат. Алардын ичинен алтымыш орун социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына берилет жана алар атайын сынактын негизинде тандалып, акысыз билим алышат.

"IT-академиясын Ошко ачуунун алгачкы максаты - программистерди даярдоо менен бирге аймактардагы билим сапатын жакшыртуу. Аталган окуу жай эл аралык деңгээлде да кызматташууга багыт алып, Түштүк Корея менен атайын макулдашуу түзүлдү. Ага ылайык, алдыңкы делген 5 окуучу аталган өлкөгө барып, "Самсунг" фирмасынан практика өтүп келет. Учурда бул келишимди юридикалык жактан тастыктоо аракетин көрүп жатабыз. Мындан сырткары, 2020-жылы Каракол шаарына да ушундай эле IT-академиясы ачылат. Эгер бул билим берүү мекемелери ийгиликтүү ишин баштап алса, келечекте Кыргызстандан да жогорку квалификациялуу программисттерди чыгарабыз деген үмүт бар ", — деди Кубанов.

Ошондой эле ал Ош шаарында ачылып жаткан IT-академия 1-сентябрдан тарта ишин баштаарын айтып, бир жылдык контракт 72 миң сом болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0