Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Догоев: мамлекеттик 58 мекеме "Түндүк" системасына туташып иш алып барууда

© Sputnik / Досхан НусупбековГлава ГКИТС КР Дастан Догоев
Глава ГКИТС КР Дастан Догоев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дастан Догоев бардык мамлекеттик мекемелерди "Түндүк" системасына туташтыруу иштеринин техникалык бөлүгү аяктап калгандыгын айтты.
Догоев: мамлекеттик 58 мекеме "Түндүк" системасына туташып иш алып барууда

Мамлекеттик 58 орган жана 19 жеке ишкана бирдиктүү "Түндүк" системасына туташып, учурда иштеп жатат. Бул тууралуу Догоев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган система аркылуу айына 700 миңге чукул документ электрондук негизде ишке ашып жатат.

"Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында мамлекеттик 58 мекеме документ алмашуудагы бирдиктүү "Түндүк" системасына техникалык жактан туташып бүттү. Алардын жарымына жакыны толук ишке кирип, өз ара байланышта иштеп жатат.  Мындан сырткары, жеке банк, нотариус кызматтарынын да 19у учурда бул системага кошулду. Мунун негизинде айына 700 000дей документ электрондук тартипте иш алып баруу менен бүтүп жатат. Демек, айына ушунча кагаз үнөмдөлүүдө десек болот", — деди Догоев.

Ал ошондой эле "Түндүк" ишке киргенден тарта 3 миллион документ электрондук форматта колдонулгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0