Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нусубалиев: келечекте балдарга арналган ырларды жазгым келет

© Sputnik / Досхан НусубековЖаш акын Умар Нусубалиев
Жаш акын Умар Нусубалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш акын Умар Нусубалиев экинчи ырлар жыйнагы жарык көрүү алдында турганын айтты.
Нусубалиев: келечекте балдарга арналган ырларды жазгым келет

Биз бала кезде окуп чоңойгондой чыгармалар азыр жазылбай калды. Андыктан келечекте балдар адабиятына салым кошуу өзүмдүн милдетим деп түшүнөм. Мындай пикирин Умар Нусубалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, акын алгач патриоттук темада жазганды ылайык көрсө, учурда махабат темасына эргүүсү келип турат.

"Биз кичинекейибизде дүйнөнү китеп аркылуу тааныдык эле. Андагы көргөн сүрөттөр, окулган жомоктор, ырлар ушул күнгө чейин таасирин жоготпой, жан дүйнөбүздө жашап келет. Тилекке каршы, соңку жылдары адабиятка, анын ичинде балдар адабиятына такыр көңүл бурулбай калды. Бул тармакка өз салымымды кошуп, бөбөктөргө ылайыкталган ырларды жазуу милдетим деп түшүнөм. Келечекте балдар акынына айланам деген үмүтүм бар", — деди Нусубалиев.

Ал ошондой эле адабиятты колго алууда Кыргызстан коңшу мамлекеттерден бир топ артта калды деген пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0