Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Стоматолог: алты айынан тарта баланын тишин жууш керек

© Sputnik / Досхан НусупбековСтоматолог Медербек Козанов
Стоматолог Медербек Козанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стоматолог Медербек Козанов ымыркайдын тиштерин алты айынан тарта жууш керектигин айтты.
Стоматолог: алты айынан тарта баланын тишин жууш керек

Ымыркай тамакка аралашкандан баштап анын тиштеринин тазалыгына да көңүл буруу керек. Алты жашка чыккан бала өз алдынча бети-колун жууп тазалоону билиши зарыл. Бул тууралуу Медербек Козанов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бардык адамдар жылына эки жолу стоматологдун көзөмөлүнөн өтүп турушу абзел.

"Күнүнө эки маал тамактан кийин тиштерди эле эмес, тилди дагы тазалоо зарыл. Болбосо андагы бактериялар кайра эле кариестин пайда болушуна себепкер болот. Ооз көңдөйүнүн таза болуусу ички органдарды да түрдүү дарттардан сактайт. Бул нерсеге баланы кичинекей кезинен тарта үйрөткөн туура. Мисалы, алты айлык балага алгачкы сүт тиштери чыгат. Ошол убактан баштап эле энелер атайын сөөмөйгө кийип алчу жумшак тиш щётка менен тишин жууп, тазалап туруу керек",— деди Козанов.

Ошондой эле ал баланын тиши оорубай турган учурда эле клиникага ээрчитип барып көрсөтүп, тааныштырып койсо, стоматологдон коркуу сезими аз болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0