Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асанакунова: этнофестивалдар туризмди көп чыгым сарптабай даңазалап жатат

© SputnikЫсык-Көлдүн "Тескей Жээк" этномаданий туристтик дестинациясынын төрайымы Жылдыз Асанакунова
Ысык-Көлдүн Тескей Жээк этномаданий туристтик дестинациясынын төрайымы Жылдыз Асанакунова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көлдүн "Тескей Жээк" этномаданий туристтик дестинациясынын төрайымы Жылдыз Асанакунова этнофестивалдар өлкөдөгү туризмдин өнүгүшүнө чоң түрткү берип жаткандыгын айтты.
Асанакунова: этнофестивалдар туризмди көп чыгым сарптабай даңазалап жатат

Учурда уюштурулуп жаткан этномаданий фестивалдар Кыргызстандагы туризмди өтө арзан баада жарнамалап, даңазалап жатат. Мындай пикирин Жылдыз Асанакунова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө жергиликтүү туризмди эл аралык деңгээлде жарнамалоо абдан кымбатка турат жана өлкө бюджетинен андай чыгымды каржылоо үчүн каражат бөлүнбөйт.

"Коомчулук арасында "этнофестивалдарды, маданий саамалыктарды уюштуруу ашыкча чыгым, андай иш-чаралардын кереги жок" деген сын-пикирлер байма-бай айтылып келет. Бул өтө чоң жаңылыштык. Анткени дал ошондой иш-чаралардын аркасы менен биз өлкөбүздү таанытып, жергиликтүү туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө түзүп жатабыз. Буга мисал катары Көчмөндөр оюндарын алсак болот. Аталган иш-чара өткөнү Кыргызстан дүйнөнүн бардык бурчуна таанылды. Башка жерде жергиликтүү туризмди жайылтыш үчүн кымбат баадагы жарнамаларды жасашат экен. Кыргызстанда андай мүмкүнчүлүк жок. Ошол себептен этнофестивалдар, эл аралык маданий жана спорттук иш-чаралар аркылуу акысыз жарнама жасап жатабыз десек болот. Анткени чет жактан келген туристтердин арасында журналисттер, туристтик фирмалардын өкүлдөрү, блогерлер бар. Алар Кыргызстан тууралуу кызыктуу материалдарды жасап, өлкөбүздү дүйнөгө таанытышууда. Башкысы, аларга бул кызматына акы төлөнбөйт. Бүгүнкү күндүн эсеби менен алсак, андай блогердин бир кызматы 15-20 миң долларга чамалап барат ", — деди Асанакунова.

Ошондой эле ал 15-июль күнү Ысык-Көл облусунун Тоң айылында "Тескей Жээк" этнофестивалы өтөөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0