17:37 17 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6312
  • EUR78.0775
  • RUB1.1062
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Сагынбаев: жеңил өнөр жай тармагында Өзбекстан бизден үлгү алууга кызыкдар

Радио
Кыскача шилтеме алуу
51 0 0

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев жеңил өнөр жай тармагында Кыргызстандын дүйнөлүк деңгээлге чыгуу мүмкүнчүлүгү кенен экенин айтты.

Жеңил өнөр жай тармагында Өзбекстан бизден үлгү алууга кызыкдар. Бул тууралуу Жыргалбек Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган тармакта Кыргызстан бир топ алдыга кеткендиктен, келечекте Түркмөнстан жана Өзбекстандан сырье алып, Кытай менен иштешүүнү пландап жатат.

"Өлкөдө колго алынып, өнүгүп келе жаткан тармактардын бири — жеңил өнөр жайы. Башкача айтканда, 300 миңге чукул кыргызстандык бул кесипти аркалап, үй-бүлөсүн багып келет. Андыктан, бул тармакты дүйнөлүк аренага чыгарып, мындан ары өстүрүү мамлекеттин колунда. Биз бул багытта аракеттерди баштадык. Жакында Ош облусунда бир кластердик ишкана, Чүйдө экөө ачылуу алдында турат. Аларга сырье Өзбекстан жана Түркмөнстандан ташылып келиши күтүлүүдө. Бул тармакта Өзбекстан жергиликтүү ишкерлерден үлгү алууну каалайт. Бул үчүн алар чогуу иштешүүгө даяр экендиктерин билдиришти", — деди Сагынбаев.

Ошондой эле ал Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондуктан, жеңил өнөр жай жаатында Кытай дагы иштешүүгө кызыкдар экендигин кошумчалалды.

Тема боюнча

Сагынбаев: Кыргызстанда дары чыгарган завод ачылат
Белгилер:
Кытай, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Жеңил өнөр жайы

ЭҢ МААНИЛҮҮ