Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жамгырчиев: айрым аткаруучуларга жазып берген ырларыма азыр уялам

© Sputnik / Досхан НусупбековПисатель и акын Бердибек Жамгырчиев
Писатель и акын Бердибек Жамгырчиев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акын, Жазуучулар союзунун мүчөсү Бердибек Жамгырчиев эстраданын жаш аткаруучулары тексти жеңил ырларды жазып берүүнү суранышарын айтты.
Жамгырчиев: айрым аткаруучуларга жазып берген ырларыма азыр уялам

Эстрада жанрындагы айрым аткаруучуларга ыр жазып бергениме ушул күнгө чейин уялам. Анткени ал ырлардын тексти абдан эле маңызсыз болуп калган. Мындай пикирин Бердибек Жамгырчиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, акын учурда экинчи ырлар жыйнагын чыгаруу алдында турат.

"Ыр жазып бер деп көп кайрылышат. Эгер акчанын артынан куусам, далай обондуу чыгармага автор болуп калмакмын. Бирок көбүнесе жеңил-желпи ырларды аткарганды каалашкандыктан, баш тартууга туура келет. Маанисиз ырларды да бир учурда жазып бериптирмин, азыр аларды уккандан өзүм уялам. Чыгармачылыгыма мындай мамиле кылганым туура эмес болуп калат экен. Ал эми өзүмдүн купулума толгон Сыймык Бейшекеевдин, Айбек Карымовдун, Замир Арыкбаевдин аткаруусунда 15-20дай тексттерим бар", — деди Жамгырчиев.

Ал кыргыз адабиятына мамлекет тарабынан жетишерлик көңүл бурулбай жатканына нааразычылыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0