23:46 17 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6312
  • EUR78.0775
  • RUB1.1062
Жогорку соттун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаева. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Токбаева: сот адилеттигинин жогорку мектебин кайра жандантыш керек

Радио
Кыскача шилтеме алуу
83 0 0

Жогорку соттун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаева үстүбүздөгү жылдын 1-февралында КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасы сот адилеттигинин жогорку мектебин башкы мыйзамга дал келбейт деген чечим чыгарганын айтты.

Судья болом деген талапкер сөзсүз түрдө сот адилеттигинин жогорку мектебинен окуп, атайын сертификатка ээ болуш керек. Бул тууралуу Айнаш Токбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сотторду тандоо кеңешинин үчтөн бир бөлүгү гана судьялардан турат, калгандары бул тармакка тиешеси жок адистер. Тандоо жүрүп жатканда аталган кеңеш атайын сынак өткөрүп, аңгемелешүү менен гана чектелет.

"Сот боло турчу адам бир топ талаптарга жооп бериш керек. Эң башкысы, судья болууну ниеттенген талапкер сот адилеттигинин жогорку мектебинен окуп, атайын сертификатка ээ болууга тийиш. Ал жактан сот адистери атайын даярдыктан өтүп, квалификациясы тастыкталганда гана кызматка келе алышат. Азыркы учурда бул норма аткарылбай калды. Анткени жазында КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасы сот адилеттигинин жогорку мектебин башкы мыйзамга дал келбейт деген чечим чыгарган. Мындан улам мурункудай кылдат тандоо болбой жатат", — деди Токбаева.

Ошондой эле ал жергиликтүү соттор президент тарабынан дайындаларын, ал эми Жогорку сот жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясын парламент шайлаарын кошумчалады.

Тема боюнча

Токбаева: сот системасында реформа жүрбөй жатат дегендер жаңылат
Белгилер:
Жогорку сот, Айнаш Токбаева

ЭҢ МААНИЛҮҮ