Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жапаров: билим берүү системасы боюнча чоң иликтөө жүргүздүк

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бир Бол" фракциясынын депутаты, экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров. Архивное фото
Бир Бол фракциясынын депутаты, экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бир Бол" фракциясынын депутаты, экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров билимдүү өлкөдө коррупция болбойт деген пикирин билдирди.
Жапаров: билим берүү системасы боюнча чоң иликтөө жүргүздүк

Соңку 25 жылда чоң-чоң грант, насыяларды алсак да өлкө экономикасы эмнеге өнүкпөй жатат деген суроо мени билим берүү системасына иликтөө жүргүзүүгө түрттү. Бул тууралуу Акылбек Жапаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, эл аралык иликтөөлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан билим берүүнүн сапаты боюнча 106-орунду, ал эми коррупциялык күрөштө 132-сапты ээлейт.

"Эгемендүүлүк алгандан бери 30га чукул өкмөттү алмаштырдык, миллиондогон карыздарды алып жатабыз, бирок экономикада жылыш байкалган жок. Буга чейинки президент коррупция менен күрөштүм деди эле, соңку эки жылдан бери күрөшмөк турсун согушуп жатабыз деп жарыялап келебиз. Антсе да эл жыйынтыгын көрбөй жатат. Өлкө экономикасындагы бул абал мени билим берүү тармагына изилдөө жүргүзүүгө түрттү. Дүйнөдө билим берүүнүн сапаты жагынан Щвейцария, Сингапур, Финляндия жана Нидерланды өлкөсү алдыңкы сапта турат. Булардагы окутуу механизмдери тажрыйба менен теорияны айкалыштырууга, баланын жеке шык-талантын ачууга жана башкысы жаттатып эмес, балдарды адамгерчиликке үйрөтүү, мекенди сүйүүгө, ата-энени сыйлоого окутууга багытталат экен. Мындай тарбия алган балдардан келечекте коррупционерлер чыкпай турганын, аталган мамлекеттердин жашоо-шарты көрсөтүп турат", — деди Жапаров.

Депутат аракетчил мугалимдердин айлык маянасын көбөйтүп, чет мамлекеттерге тажрыйба топтоого жиберүү менен өлкөдө билим берүүнүн сапатын жогорулатса болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0