Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадырбеков: "Жазуучулар жайлоодо" деген аталыштагы долбоор пландалууда

© Sputnik / Максат ЭлебесовМаданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков бүгүнкү күндө интеллигенция уктап жатканын айтты.
Кадырбеков: "Жазуучулар жайлоодо" деген аталыштагы долбоор пландалууда

"Жазуучулар жайлоодо" аттуу долбоор пландалып жатат. Бул тууралуу Нуржигит Кадырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, акыл, рух ичинде бир да көз ирмем тыныгуу болбош керек.

"Телевизор, видеодон деле сүйлөп койсо болот. Бирок элдин алдына чыгып сүйлөө такыр башка. Көзгө-көз чагылышып, тизеге-тизе тийишип, жүрөктүн түрсүлдөгөнү кулакка угулуп сүйлөшкөн таасирдүү болот. Мурунку заманды ала турган болсок, Жеңижок, Калыгул, Токтогул аталарыбыз үйдө жаткан эмес. Алар элди кыдырып, көңүлүн көтөрүп тим болбостон, тарбия берген. Андыктан акын-жазуучуларга кайрылат элем, элди аралаш керек. Ошого байланыштуу быйыл "Жазуучулар жайлоодо" деген долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Бул долбоордо жазуучулар жайлоолорго барып, чыгармаларынан окуп, калк менен баарлашып кайтат. Мындай ишти колдоого учурда демөөрчү издеп жатабыз", — деди Кадырбеков.

Ошондой эле ал аталган долбоор жакынкы күндөрдө ишке ашарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0