Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эпидемиолог идиш жуучу каражатты туура тандоо жолун айтып берди

© Sputnik / Максат ЭлебесовВрач-эпидемиолог Бактыгүл Ыбышева
Врач-эпидемиолог Бактыгүл Ыбышева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Врач-эпидемиолог Бактыгүл Ыбышева идиш жуучу каражаттарды туура тандоо жолдору боюнча кеңеш берди.
Эпидемиолог идиш жуучу каражатты туура тандоо жолун айтып берди

Идиш жуучу каражаттардын баарында активдүү заттар (ПАВ) кездешет. Бул тууралуу Бактыгүл Ыбышева Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, активдүү заттар курамында көп кездешкен жуучу каражаттарды колдонуу адамдын ден соолугуна олуттуу зыян алып келет.

"Азыркы учурда идиш жуучу каражаты жок ашкананы элестетүү кыйын. Алардын курамында жыт берүүчү, түсүн өзгөртүүчү жана майды оңой кетирүүчү түрдүү химиялык заттар бар. Бул активдүү заттар канчалык көп өлчөмдө колдонулса, адамда аллергия, башка түрдүү дарттар пайда болуу коркунучу жаралат. Андыктан идиш жуучу каражатты сатып аларда анын курамындагы химиялык заттарга дыкат көңүл буруу абзел. Ошондой эле идиш жуучу самынды атайын жуугуч болпокко тамызуу керек жана жылуу суу колдонуу зарыл. Колго мээлей кийип алган туура болот. Ал эми идишти жарым саатка чукул же кытыраган үн чыкканча чайкоо керек", — деди Ыбышева.

Дарыгер дүйнөлүк изилдөөлөрдө бир адамдын организмине орто эсеп менен жылына жарым литр идиш жуучу каражат кирет деген пикир айтыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0