Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Джаилова: КЭУнун студенттери практика өткөн компанияларда иштеп калышат

© Sputnik / Асель АкматалиеваМуса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Асел Джаилова. Архив
Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Асел Джаилова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Асел Джаилова жыл сайын жергиликтүү компаниялар КЭУда атайын тест өткөрүшүп, анын жыйынтыгы менен мыкты деп табылган бүтүрүү курсунун студенттерин дароо жумушка алышарын айтты.
Джаилова: КЭУнун студенттери практика өткөн компанияларда иштеп калышат

Кыргыз экономикалык университетинин студенттеринде окуп жатып эле ишке орношууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Асел Джаилова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сынактын негизинде тандалып алынган студенттер алгач компанияларда тажрыйба топтоп, кийин ал жакка ишке алынат деген макулдашуу бар.

"Быйылкы жылы биздин окуу жайды 300дөн ашуун бүтүрүүчү экономист кесиби боюнча аяктады. Алардын басымдуу бөлүгү окуп жатып эле компанияларга барып практика өтүп жүрүшкөн. Азыркы учурда бүтүрүүчүлөр тажрыйба топтогон жерине ишке орношуп жатышат. Мындай мүмкүнчүлүк атайын тесттин аркасы менен түзүлүп, КЭУнун студенттерин окуп жатып эле иш менен камсыз болушун шарттоодо. Жыл сайын декабрь айында 4-курстун студенттери атайын сынакка катышышат. Ал тест түрүндө жергиликтүү компаниялар тарабынан өткөрүлөт. Анын жыйынтыгы менен тандоодон өткөн бүтүрүүчүлөр дароо тажрыйба жүзүндө иш менен жакындан таанышып, кийин дароо жумушка алынышат. Бул мүмкүнчүлүктү биздин студенттер жакшы түшүнүп, даярдыкты алдын ала башташат. Буга университеттин мугалимдери да көмөк көрсөтүүгө дайым даяр", — деди Джаилова.

Ошондой эле ал Кыргыз экономикалык университетинде контракттын орточо көлөмү 35 миң сомду түзөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0