Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чыныбаев: КМТУнун студенттери эми окуп жатып эле иш менен камсыз болушат

© Sputnik / Максат ЭлебесовИсхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окуу иштери боюнча проректору Мирлан Чыныбаев. Архив
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окуу иштери боюнча проректору Мирлан Чыныбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окуу иштери боюнча проректору Мирлан Чыныбаев аталган окуу жай бул жылы жергиликтүү ишканалар менен келишим түзүп, заман талабына жараша билим алган жаш адистерди даярдап чыгарууга аракет көрүп жаткандыгын билдирди.
Чыныбаев: КМТУнун студенттери эми окуп жатып эле иш менен камсыз болушат

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери эми атайын келишимдин негизинде теориялык билимин өздөрүнүн иш ордуларында тажрыйба түрүндө бекемдешет.

Бул тууралуу Мирлан Чыныбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, техникалык билимге кызыккан абитуриенттер жергиликтүү ишканалар тарабынан тандалып алынат жана үч тараптуу келишимдин негизинде КМТУга окууга жөнөтүлөт.

"Учурда Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку окуу жайларга тажрыйба менен теорияны айкалыштыра окуткан билим берүү системасын киргизүү тапшырмасын берген. Бул багытта биз атайын ченемдер боюнча иштеп жатабыз. Күзүндө билим берүүнүн аталган ыкмасы талкууга чыгарылат. Бирок бул жылы пилоттук программа катарында жергиликтүү ишканалардын бири менен келишим түздүк. Анын алкагында биз төрт абитуриентти кабыл алабыз жана төрт жыл аралыгында теорияны тажрыйба менен айкалыштырып, заманбап техника менен иштей алган жаш адистерди даярдап беребиз. Ал студенттердин окууга кеткен чыгымын биз менен келишими бар ишкана төлөп берет жана аларды кийин жумуш менен камсыз кылат. Бул үч тараптуу келишимдин негизинде ишке аша турчу программа. Студенттерди ишкана өзү тандады. Эми алар 2019-2020-окуу жылынан тарта биздин окуу жайдан билим ала башташат", — деди Чыныбаев.

Ошондой эле ал быйылкы жылы КМТУга 600 бюджеттик орун бөлүнгөндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0