Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турапов: бул сезондо театрга эл батпай калган учурлар болду

© Sputnik / Табылды КадырбековАбдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Керим Турапов
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Керим Турапов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Керим Турапов быйыл жайкы театр сезону ийгиликтүү жыйынтыкталганын билдирди.
Турапов: бул сезондо театрга эл батпай калган учурлар болду

Аталган театрдын балет бийчилери кытай артисттери менен бир сахнада бийлешти. Бул тууралуу Керим Турапов Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, театрда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, кийинки сезондо көрүүчүлөр үчүн жаңы шарттар түзүлөт.

"Бул жылкы театр сезонун ийгиликтүү жаап алдык. Быйыл ШКУ мамлекеттери биздин өлкөгө келген учурда атайын концерттерге даярданып, аларды аншлаг менен элге тартууладык. Кытай артисттери Жусуп Мамайдын варианты менен жазылган "Манас" операсын биздин элге келип чагылдырып бериши тарыхый окуя болду. Сахнада биздин артисттер кытай артисттери менен бирге бийлеп турушту. Театр көрүүчүлөрү аларды колдоп, концерт мыкты деңгээлде өтүп, залга эл батпай калып жатты. Азыркы учурда биздин элдин классикага көңүл буруп калганы абдан кубантат. Анткени классика эч качан жаман жолго баштабайт", — деди Турапов.

Ошондой эле ал кийинки театр сезону сентябрь айында ачыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0