Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жанжигит уулу: театрга келген адам жан дүйнөсүн байытып кетет

© Sputnik / Табылды КадырбековБакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын жетекчиси Жолдошбек Жанжигит уулу. Архив
Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын жетекчиси Жолдошбек Жанжигит уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын жетекчиси Жолдошбек Жанжигит уулу азыркы күндө эл жеңил-желпи концерттерге баасы кымбат болсо дагы барып жатканын айтты.
Жанжигит уулу: театрга келген адам жан дүйнөсүн байытып кетет

Театрга келген адам жан дүйнөсүн байытып кетет. Мындай пикирин Жолдошбек Жанжигит уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк театрды түшүнүп, анын деңгээлинде маданий эс алууну билбейт.

"Бүгүнкү күндө эл театрга таптакыр барбайт дегенден алысмын. Бирок биздин элдин басымдуу бөлүгү чындыгында театрды түшүнүп, анын деңгээлинде маданий эс алууну билбейт. Баасы кымбат болсо дагы жеңил-желпи концерттерге көп барат. Ал жактан эс алууга деле мүмкүн эмес. Эгерде театрга бара турган болсо дүйнөлүк классикаларды жандуу үн менен көрүп, мурун окубаган чыгарма менен бир сааттын ичинде таанышып, ыйласа ыйлап, күлсө күлүп, жан дүйнөсүн байытып кете алат. Балким, Билим берүү министрлиги менен чогуу иш алып барып, мектеп окуучуларына таңуулап театрга алып келишсе, кийин ал өз жемишин берет беле деп да ойлоп кетем. Анткени жаш балдардын идеологиялык, эстетикалык жана интеллектуалдык деңгээлин жаш кезинен калыптандырбаса, чоңойгондо ал боштукту толтуруу кыйын болуп калат", — деди Жанжигит уулу.

Ошондой эле ал Жаш көрүүчүлөр театры быйыл бир топ чет элдик фестивалдарга катышып, ийгиликтүү кайтып келгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0