Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дайырбекова: балдар кино аркылуу жан дүйнөсүн чагылдыра алат

© Sputnik / Асель Акматалиева"Карек" балдар кинофондусунун жетекчиси Толкун Дайырбекова
Карек балдар кинофондусунун жетекчиси Толкун Дайырбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Карек" балдар кинофондусунун жетекчиси Толкун Дайырбекова аталган лагерь балдарга психологиялык жактан дагы пайдалуу экенин айтты.
Дайырбекова: балдар кино аркылуу жан дүйнөсүн чагылдыра алат

Балдар кино аркылуу жан дүйнөсүндө эмне болуп жатканын көрсөтүшөт. Мындай пикирин Толкун Дайырбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, балдар ата-энесине, досторуна айта албаган, ички дүйнөсүндө болуп жаткан нерселерди кино аркылуу чагылдыра алышат.

"Карек" жайкы кинолагеринде балдарга бош убактысын текке кетирбей, ошол эле күнүмдүк колдонуп жүргөн уюлдук телефонду жөнөкөй оюнчук катары эмес, аны менен пайдалуу иш жасаса болорун, интернетти туура колдонууну үйрөтөбүз. Анткени бүгүнкү күндө медиа тармак абдан өнүгүп жатат. Биздин лагердин максаты — кино тартуу менен балдардын жан дүйнөсүндө болуп жаткан нерселерди сыртка алып чыгуу. Башкача айтканда, алар ата-энесине, досторуна айта албаган, ички дүйнөсүндө эмне болуп жатса аны кино аркылуу чагылдыра алышат. Лагерде белгилүү кинорежиссерлор келип сабак өтүп, балдар менен кошо тасмаларды талкуулашат. Эгерде азыртадан кино тартканга кызыгуусу, шыгы бар балдарга багыт берип, жол көрсөтүп койсок, алар өзүнүн түшүмүн берет. Азыр "Карек" фестивалына катышкан балдар кийин "Оскар" сыйлыгын дагы алат деген ишеничтебиз", — деди Дайырбекова.

Ошондой эле ал аталган лагерде окутуу эки тилде жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0