Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кайыпов: дастанчылык өнөргө кызыккан жаштар арбын

© Sputnik / Асель Акматалиева"Дастанчы" коомдук фондунун төрагасы Өмүрзак Кайыпов
Дастанчы коомдук фондунун төрагасы Өмүрзак Кайыпов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Дастанчы" коомдук фондунун төрагасы Өмүрзак Кайыпов дастанчылык өнөрдү өнүктүрүү үчүн министрлик тарабынан колдоо керектигин айтты.
Кайыпов: дастанчылык өнөргө кызыккан жаштар арбын

Бүгүнкү күндө дастанчылыкка кызыккан жаштар абдан көп, бирок бул өнөр алгылыктуу колго алынбай келет. Мындай пикирин Өмүрзак Кайыпов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, дастанчылык, манасчылык жана акындык кыргыз элинин арабага чегилген үч аттай өнөрү.

"Азыр дастанчылык өнөргө кызыккан жаштардын саны арбын. Бирок бул өнөр алгылыктуу колго алынбай келет. Дастанчылыкты өнүктүрүү үчүн министрлик, же болбосо эл ичинен чыккан меценаттар тарабынан колдоо көрсөтүлүшү керек. Алсак "Айтыш" коомдук фондун Садык Шер-Нияз өз көзөмөлүнө алып, өнүктүрүүгө жардамын берип, канчалаган каражатын жумшаганын билебиз. Ошондуктан азыр аталган фонд кадимкидей өнүгүү жолуна түшүп, эгер айтыш өтсө залга эл батпай калып жатат. Дастанчылыкка да ушундай көңүл бурулса, атайын иш-чаралар уюштурулганда орундуктарга эл батпай калат деген изги ойдобуз", — деди Кайыпов.

Ал ошондой эле 27-28-июнь күндөрү дастанчылык өнөрү боюнча Бишкек шаарында конкурс өтүп, мыктылар аныкталганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0