Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдрахманов: бүтүрүүчүлөрүбүздүн 70-75 пайызы өз кесиби менен иштейт

© Sputnik / Асель АкматалиеваИшеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Төлөбек Абдрахманов. Архив
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Төлөбек Абдрахманов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Төлөбек Абдрахманов аталган окуу жай ШКУга мүчө өлкөлөрдөгү университеттер менен педагогика багыты боюнча тыгыз кызматташып келерин айтты.
Абдрахманов: бүтүрүүчүлөрүбүздүн 70-75 пайызы өз кесиби менен иштейт

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери Кореянын окуу жайларынан билим алып, эки дипломдун ээси болгонго мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Төлөбек Абдрахманов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бюджеттик орунга жыл сайын жумуш берүүчүлөрдөн буйрутма келип, анын негизинде студенттер кабыл алынат.

"Биздин университетте бюджеттик негизде окуусун аяктаган бүтүрүүчүлөрүбүз 100 пайыз жумуш менен камсыз болсо, контракттык негизде бүткөндөрдүн 70-75 пайызы өз кесиби менен иштеп кете алат. Алардын кайсы жакта иштеп жатканын, ал-абалын дайыма сурап, колубуздан келген жардамды берип турабыз. Андан сырткары, биздин окуу жайдын 37 чет элдик ЖОЖ менен келишими бар. Бирок алардын ичинен 6-7 университет менен тыгыз иштешебиз. Учурда ШКУга мүчө мамлекеттердин педагогика багыты боюнча бир топ окуу жайлары менен кызматташып келебиз. Атайын долбоорлордун негизинде студенттерибиз Кореядан билим алмашуу программалары аркылуу окуп келип, эки дипломдун ээси болгонго шарт түзүлгөн. Акыркы жылдары Казакстандын окуу жайлары менен мамилебиз жогорку деңгээлге чыкты. Студенттерибиздин көбү ал жакка барып, билимин тереңдетип жатат. Андан башка дагы бир топ долбоорлор боюнча иштеп жатабыз", — деди Абдрахманов.

Ошондой эле ректор 2019-2020-окуу жылында аталган университетке жалпы 400гө жакын бюджеттик орун берилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0