Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Оморов: ар бир ит, мышыктын паспорту болушу керек

© Sputnik / Асель АкматалиеваВрач-хирург Талант Оморов
Врач-хирург Талант Оморов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Врач-хирург Талант Оморов малдын этин итке бербей, атайын бир жерге көмүп коюш керектигин айтты.
Оморов: ар бир ит, мышыктын паспорту болушу керек

Үй жаныбарларынын ар биринин паспорту болсо алардын качан дарыланганы белгилүү болот. Мындай пикирин Талант Оморов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эхинококкоз оорусун алдын алуу үчүн өздүк гигиенаны сактоо маанилүү.

"Азыркы учурда ар бир ит, мышыктын паспорту болушу керек. Анын негизинде ветеринарлар жаныбардын качан вакцина алганын көзөмөлдөй алат. Эхинококкоз, Альвеококкоз оорусун алдын алууну ар бир адам өзү көзөмөлдөп турушу шарт. Айыл жергесинде көбүнчө союлган малдын өпкөсүн иттерге эле берип коюшат. Ал иттен кайра эле өздөрүнө, туугандарына оору жугат. Андыктан малдын этин итке бербей, атайын бир жерге көмүп койсо жакшы болот", — деди Оморов.

Ал ошондой эле операция жолу менен дарылангандар ультра дабыштык изилдөө аркылуу көзөмөлдөн өтүп турушу зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0