Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ибраев: жайыт маселеси мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө бөгөт болууда

© Sputnik / Асель АкматалиеваКандидат сельскохозяйственных наук Рахатбек Ибраев
Кандидат сельскохозяйственных наук Рахатбек Ибраев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институтунун кой-эчки өстүрүү жана аргындаштыруу бөлүмүнүн башчысы, айыл чарба илимдеринин кандидаты Рахатбек Ибраев жайыт маселесине мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуш керек экендигин айтты.
Ибраев: жайыт маселеси мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө бөгөт болууда

Өлкөдөгү жайыт маселеси мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө тоскоолдук жаратып жатат. Бул тууралуу Рахатбек Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Лущихин атындагы мамлекеттик асыл тукум кой өстүрүүчү заводунда 6,5 миң баш кой бар. Учурда аларды багууга жайыт жок.

"Өлкө аймагындагы жайыттардын бардыгы айыл өкмөттөрдүн карамагына өтүп кеткен. Алар бөлүп алган жерине өз малчыларынан сырткары эч кимди киргизбейт. Жайыттардын аянты ар кандай болгондуктан, жер талашуу байма бай болуп турат. Акыркы жылдары бул маселеге байланыштуу пикир келишпестиктер чоң көйгөйгө айланды. Мисалы, бизде мамлекеттик асыл тукум кой өстүрүүчү завод бар. Ал жакта 6,5 миң баш кой кармалат. Учурда аларды багууга жайытыбыз жок. Жазында ошончо койду 150 чакырым аралыкты басып өтүп, Чаткал районундагы жайлоого алып барышат. Бирок ал жактан жергиликтүү калк менен жер талашып, заводдун иши кыйындап жатат. Мындан улам маселени мамлекеттик деңгээлде карап, мыйзамдуу жол менен чечпесек, өлкөдөгү мал чарбачылык өнүкпөй калышы мүмкүн", — деди Ибраев.

Ошондой эле ал учурда өлкө аймагы боюнча болжол менен 6,5 миллион кой-эчки бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0