Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Садыков: журналистика факультети заманбап техника менен камсыздалган

© Sputnik / Табылды КадырбековЖусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Канат Садыков. Архив
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Канат Садыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Канат Садыков аталган университеттин журналистика факультети акыркы үлгүдөгү заманбап техникалык жабдуу менен камсыздалганын айтты.
Садыков: журналистика факультети заманбап техника менен камсыздалган

Журналистика факультетинде эмгектенген окутуучулардын 70 пайызы практик журналисттер. Бул тууралуу Канат Садыков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, журналистика факультети аталган окуу жайдын эң алдыңкы факультеттеринин бири.

"Бүгүнкү күндө журналистика факультетинде эмгектенген мугалимдерибиз илимий даражасы жогору, көпчүлүгү чет өлкөдө билим деңгээлин жогорулатып келген практик журналисттер. Факультеттин "Баласагын ТВ" студиясы ийгиликтүү иштеп келет. Ал жакта студенттер алган билимин практикалык жактан бекемдеп, өздөрү даярдаган программаларын YouTube каналына жайгаштыра алат", — деди ректор.

Ошондой эле ал аталган факультеттин билим берүү базасы алдыңкы орунга чыккандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0