Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сарыбашов: Ошто мындан ары май куюучу жай курууга уруксат берилбейт

© Фото / пресс-служба полпредства Ошской области Ош шаарынын мэри Таалай Сарыбашов. Архив
Ош шаарынын мэри Таалай Сарыбашов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарынын мэри Таалай Сарыбашов калаа аймагында май куюучу жай курууга тыюу салган буйрукка кол койгон.
Сарыбашов: Ошто мындан ары май куюучу жай курууга уруксат берилбейт

Ош шаарынын аймагында иштеп жаткан май куюучу жайлардын ээлери менен жолугушуу өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүрөт. Бул тууралуу калаа башчысы Таалай Сарыбашов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Түштүк-Чыгыш кичирайонунда жарылуу болгон май куюучу жай боюнча соттун чечими чыга элек. Ошол себептен бул жайды мыйзамдуу же мыйзамсыз деп айтууга али эрте.

"Жарылуу болгон жайды жабуу талабы менен ага жакын жайгашкан Исанов көчөсүндөгү 19-үйдүн жашоочуларынын колу коюлган арыз мага келген эмес. Эгерде келсе, анда аны карайбыз. Кырсыктан кийин калаадагы май куюучу 44 жай текшерүүгө алынган. Анын ичинен 18 станцияда коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы аныкталган", — деди Сарыбашов.

Ал жарылуу болгон жайдын ээси менен жолугуп, ишкерден ал жайга соода түйүнүн же башка имарат курууну сунуштай тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0