Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Умуркулова: майда көчөлөрдү жарыктандырууга аракет жасап жатабыз

© Sputnik / Асель АкматалиеваКуратор МП "Бишкексвет" по Свердловскому району Раушан Умуркулова
Куратор МП Бишкексвет по Свердловскому району Раушан Умуркулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын Октябрь жана Свердлов райондору боюнча оңдоо жана тейлөө бөлүмүнүн жетекчиси Раушан Умуркулова 3000 чырак сатып алууга тендер жарыяланганын айтты.
Умуркулова: майда көчөлөрдү жарыктандырууга аракет жасап жатабыз

Январь айынан бери Лермонтов жана Курманжан датка көчөлөрүнүн арасындагы 30 майда көчө жарыктандырылды. Бул тууралуу Раушан Умуркулова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эми жаңы конуштарды да борбордук көчөлөрдөй жарыктандыруу иштери каралып жатат.

"Борбордук көчөлөр жетиштүү деңгээлде жарык менен камсыз болгондуктан, биз учурда майда жана жаңы конуштардагы көчөлөргө көбүрөөк басым жасап жатабыз. Январь айынан бери Лермонтов жана Курманжан датка көчөлөрүнүн арасындагы 30 майда көчөнү жарыктандырууга жетиштик. Аларга жөнөкөй лампа эмес, күчтүү жарык бере турган чырактар орнотулду. Жашоочулар ыраазы болуп, рахмат айтып жатышат. Алдыда да 3000 чыракка тендер жарыяланды", — деди ал.

Умуркулова алдыга коюлган максаттар план менен кетсе, күз айларынан баштап Эне-Сай, Келечек, Бакай-Ата жаңы конуштарында жарыктандыруу иштери башталарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0