Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ниязова: 23-июнда Бишкекте йога күнү белгиленет

© Sputnik / Табылды КадырбековТренер и специалист по йоге Айгуль Ниязова
Тренер и специалист по йоге Айгуль Ниязова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
21-июнь — бүткүл дүйнөлүк йога күнү.
Ниязова: 23-июнда Бишкекте йога күнү белгиленет

23-июнь, жекшемби күнү, саат 10:45те "Ала-Тоо" аянтында Бүткүл дүйнөлүк йога күнү белгиленет. Бул тууралуу йога боюнча адис жана машыктыруучу Айгүл Ниязова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай иш-чаранын максаты — шаар тургундарын йога менен машыгууга чакыруу жана анын ден соолукка тийгизген пайдалуу жактары тууралуу айтып берүү.

"23-июнда саат 10:45те "Ала-Тоо" аянтындагы Курманжан датка эстелигинин жанында йога күнүн белгилейбиз. Ага бардык каалоочулар катышса болот. Шаар тургундары килемчелерин алып келип, иш-чарага күбө болуп кете алат. Килемчелери жоктор үчүн Индия элчилиги узун килемче салып, шарт түзүп берет. Саамалык концерттик программа жана куттуктоолор менен коштолот. Негизи йога күнү дүйнө жүзүндө 21-июнда белгиленет, бирок биз дем алыш күнүнө тууралап өткөрүп келебиз", — деди Ниязова.

Ал Бүткүл дүйнөлүк йога күнү 2015-жылдан бери белгиленип келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0