16:42 11 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4252
  • RUB1.0989
Бишкектен анча алыс эмес жерде жайгашкан эс алуу жайынын ээси Сабида Сартова
© Sputnik / Асель Акматалиева

Сартова: бээ сүтүнүн дарылык касиети 7-10 күндүн ичинде байкалат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
261 0 0

Бишкектен анча алыс эмес жерде жайгашкан эс алуу жайынын ээси Сабида Сартова бээнин сүтү көптөгөн дартка даба болорун айтты.

Бээнин сүтү менен толук кандуу дарылануу үчүн аны кеминде бир жумадан 10 күнгө чейин үзбөй ичиш керек. Ошондо гана аталган азыктын дарылык касиети байкалат. Бул тууралуу Сабида Сартова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бээнин сүтү менен муун, сөөк жана ички органдарга тийиштүү оорулардын алдын алып, айыктырса болот.

"Бээ сүтүнүн дарылык касиети абдан күч. Учурда аны эл жакшы түшүнүп калды. Бүгүнкү күндө бул азыкты издеп, алыс жактан бери келип жатышат. Бирок айрым эс алуучулар убакыттын тардыгынан улам эки-үч күн эле ичип, бардык илдеттен арылдык деп ойлошот. Бул жаңылыштык. Бээнин сүтүн ичип толук кандуу дарылануу үчүн аны кеминде бир жума, күн сайын беш маалдан ичиш керек. Ошондо гана сүттүн дарылык касиети байкалат. Мен өзүмдүн мисалымда айта кетсем, көздүн көрүүсүн начарлаткан глаукома оорусуна чалдыккан элем. Үч жылдан бери бээ саап, анын сүтүн ичип, бул илдеттен акырындык менен арылдым. Муну дарыгерлер да тастыкташты. Мындан улам бээнин сүтү бардык дартка табигый даба экендигине күн сайын ынанып жатам ", — деди Сартова.

Ошондой эле ал бээнин сүтү өзгөчө боор оорусун айыктырууга абдан жакшы жардам берерин кошумчалады.

Тема боюнча

Сартова: мамыры гүлүнүн дарылык касиетин изилдеш керек
Белгилер:
дары, Сүт, бээ

ЭҢ МААНИЛҮҮ