Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Маратбеков: "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизилүүдө

© Sputnik / Эркин СадыковГлавный специалист отдела возобновляемой энергетики ГКПЭН Бекнур Маратбеков
Главный специалист отдела возобновляемой энергетики ГКПЭН Бекнур Маратбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу кайра жаралуучу энергия бөлүмүнүн башкы адиси Бекнур Маратбеков КРдин "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн атайын координациялык кеңеш түзүлгөнүн айтты.
Маратбеков: "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизилүүдө

Аталган мыйзамда бүгүнкү күнгө шайкеш келе турчу талаптар көрсөтүлгөн эмес. Ошол себептен учурда Энергияны үнөмдөө жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Бул тууралуу Бекнур Маратбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор коңшу өлкөлөрдүн энергияны үнөмдүү пайдалануу багытындагы мыйзамынын алгылыктуу тажрыйбасынан алынууда.

"Учурда энергияны туура пайдалануу жана үнөмдөө маселеси бар. Эгер өз убагында чара көрүп, анын алдын албасак, кесепети бир топ түйшүк жаратышы мүмкүн. Мындан улам өкмөттүн тапшырмасы менен мамлекеттик ведомстволордун өкүлдөрүнөн жана бул тармакты жакшы түшүнгөн серепчилерден атайын координациялык кеңеш түздүк. Алар аталган мыйзамдын кемчиликтерин аныктап, бүгүнкү күндүн талабына жараша өзгөртүү жана толуктоолорду киргизишмекчи. Бул багытта негизги басым курулуш жаатына жасалып жатат. Анткени азыркы тапта жылуулукту сактай турчу курулуш материалдары түрү менен чыгарылууда. Мындан улам кандай гана курулуш иштери болбосун, заман талабына жараша жүрүшү шарт. Бул азыркы таптагы эл аралык стандарт болуп эсептелет. Эгер сунушталып жаткан өзгөртүү жана толуктоолор кабыл алына турган болсо, келечекте бардык курулуш иштеринде энергияны сактай турчу материалдарды колдонуу шарттары мыйзам түрүндө талап кылынмакчы", — деди Маратбеков.

Ошондой эле ал заманбап тиричилик техникаларын колдонуу менен коомчулук да энергияны үнөмдөөгө өз салымын кошсо болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0