Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тургумбаева: канга муктаждарга жардам берүүгө аракеттенебиз

© Sputnik / Асель АкматалиеваHelp the Children кайрымдуулук фондусунун PR-менеджери Асел Тургумбаева. Архив
Help the Children кайрымдуулук фондусунун PR-менеджери Асел Тургумбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Help the Children кайрымдуулук фондусунун PR-менеджери Асел Тургумбаева онкология жана гематология бөлүмдөрүндө дарыланып жаткан балдардын психологиясына өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.
Тургумбаева: канга муктаждарга жардам берүүгө аракеттенебиз

Онкологиялык жана гематологиялык ооруларга кабылган балдардын көңүлүн көтөрүү максатында Help the Children кайрымдуулук фондусу жума сайын "Доктор клоун" программасы менен балдарга жагымдуу маанай тартуулап келет. Бул тууралуу Асел Тургумбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, онкологиялык оорулар менен ооруган балдар жана алардын ата-энелери психологдор менен тыгыз байланышта болушу зарыл.

"Биздин фонд ар кандай кайрымдуулук акцияларын өткөрүп эле тим болбостон, мүмкүнчүлүккө жараша канга муктаждарга жардам берүүгө аракет жасайт. Андан сырткары, кымбат дары-дармектерди алып берип, оор абалдагы балдардын чет өлкөдөн дарыланып келишине көмөктөшөт. Кызматкерлерибиз болсо онкологиялык жана гематологиялык ооруларга кабылган балдардын көңүлүн көтөрүү максатында жума сайын "Доктор клоун" программасын уюштуруп, белектерди берип, алардын маанайын ачып, майрам тартуулайт", — деди Тургумбаева.

Ошондой эле ал фонддун базасында дайыма кан сакталып турарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 4-июнда Бишкекте "Кан тапшырып адам өмүрүн сакта" аттуу акция өтүп, анда 31,5 литр кан чогулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0