Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Султангазиев: ВИЧке чалдыккан адам бир шарт менен толук кандуу өмүр сүрө алат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Партнердук түйүндөр" ассоциациясынын директору Айбар Султангазиев. Архивное фото
Партнердук түйүндөр ассоциациясынын директору Айбар Султангазиев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Партнердук түйүндөр" ассоциациясынын директору Айбар Султангазиев “XX кылымдын чумасы» деп аталган ВИЧ менен СПИД оорулары дабасы табылбаган дарттардын катарынан чыгарылгандыгын айтты.
Султангазиев: ВИЧке чалдыккан адам бир шарт менен толук кандуу өмүр сүрө алат

Азыркы кезде аталган ооруга каршы бир топ заманбап дары-дармектер чыгарылган. Аларды колдонуу менен ооруну басып же алдын алса болот. Бул тууралуу Айбар Султангазиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, болгону ВИЧ жана СПИД илдетине чалдыккан адам өз убагында дарыланып турушу шарт.

"Мурун ВИЧ, СПИД илдеттерине каршы колдонулуп келген дарылар кооптуу болчу. Алардын терс таасири оорулуу адамдын ден соолугуна залалын тийгизип, абалын оорлотуп келген. Бүгүнкү күндө заманбап жетишкендиктердин арты менен жаңы медициналык препараттар чыгарылып, ВИЧ жана СПИД дарты менен күрөшүүгө мүмкүн боло баштады. Учурда оорулуу өз убагында дарыланып турса, толук кандуу өмүр сүрө алат. Мурун дартынын азабынан үйлөнө албай, балалуу болуудан коркуп жүргөндөр эми кооптонбой эле дени сак адамдар сымал бала күтүп, үй-бүлө курса болот. Жаңы препараттардын жардамы менен илдеттин жугуу коркунучу жоюлат. Бирок ошол эле учурда ВИЧке чалдыккандардын саны көп болууда. Бул өтө терс көрүнүш. Ошол себептен түшүндүрүү иштерин күчөтүшүбүз керек. Элди контрацептивдерди колдонууга чакырып, медициналык куралдардын тазалыгына маани беришине үндөшүбүз керек. Ооруну дарылоодон мурда анын алдын алган жеңил", — деди Султангазиев.

Ошондой эле ал ВИЧ, СПИД илдеттери менен күрөшүүгө мамлекет тарабынан жыл сайын 60 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүнөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0