Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманакун уулу: быйыл Бишкек толугу менен инвентаризацияланат

© Sputnik / Асель АкматалиеваНачальник Управления землепользованием и строительства мэрии Бишкека Талант Иманакун уулу
Начальник Управления землепользованием и строительства мэрии Бишкека Талант Иманакун уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетекчиси Талант Иманакун уулу быйыл борбор калаада вице-мэрдин буйругу менен инвентаризация жүргүзүлүп, жарым жылдын жыйынтыгы боюнча мыйзамсыз салынган дээрлик 1600 объект жок кылынганын айтты.
Иманакун уулу: быйыл Бишкек толугу менен инвентаризацияланат

Текшерүүнүн негизинде мамлекет тарабынан жашылдандырууга берилген объектилерде өзүм билемдик менен жайкы кафелерди куруп алгандар көп чыгып жатат. Бул тууралуу Талант Иманакун уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эгерде мыйзамсыз салынган объект шаардын архитектуралык нормасына жооп бере турган болсо, ижара акысын төлөп ишин уланта берсе болот.

"Акыркы эки жылда дээрлик 10 миңден ашык мыйзамсыз жайлар жок кылынды. Азыркы учурда кытайлык гранттын негизинде жолдор салынууда. Мында да ар кандай мыйзамсыз салынган объектилер тоскоолдук кылган учурлар жок эмес. Мыйзамсыз курулган объектилердин көбү 2000-жылдарга туура келет. Быйыл Бишкек боюнча 3500 күркө аныкталып, анын ичинен 1200ү мыйзамсыз болуп чыкты. Бүгүнкү күндө эл дагы муну туура көрүп, мыйзамсыз жайлар баары бир жок кылынарын сезип, жоопкерчилик менен мамиле кылып калышты. Биздин негизги максат — борборубузду мыйзамсыз салынган объектилерден тазалоо", — деди Иманакун уулу.

Ошондой эле ал азыркы учурда өзүм билемдик менен мыйзамсыз курулуш тургузуп алган жерлерге кескин түрдө чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0