Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жапаров: ар бир министр бирден окумуштууну кеңешчи кылып алуусу керек

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Бир Бол" фракциясынын депутаты, экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров. Архив
Бир Бол фракциясынын депутаты, экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бир Бол" фракциясынын депутаты, экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө окумуштуулардын орду чоң экендигин белгиледи.
Жапаров: ар бир министр бирден окумуштууну кеңешчи кылып алуусу керек

Өлкөдө ар бир министр өз тармагындагы окумуштуулардын кеңешин угуп, аларды штаттык негизде кызматка алышы керек. Мындай пикирин Акылбек Жапаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, депутат өзү мындай ыкманы кайсы кызматка барса да колдонуп келет.

"Экономика министри, финансы министри болгонумда дайыма илимий кызматкерлер менен иштешип турчумун. Менин оппонентим Сергей Глазьев учурда Владимир Путиндин экономика тармагындагы жардамчысы. Ал Россия илимдер академиясынын академиги. Бабурин деген да окумуштуу досум бар. Булар чоң-чоң институттарды жетектеген илимпоздор. Россия президенти бул илим адамдарынын кызматынан дайыма колдонуп иш кылат. Алар жаңы ачылыштар боюнча маалымат берип турушат. Путин илимий тармактагы атактуу окумуштууларын чогултуп алып бат-баттан жыйналыштарды өткөрүп, алардын ойлорун угат. Бул абдан туура кадам. Биздин да министрлер, тиешелүү аткаминерлер ушундай иш кылышы керек. Алар бир тармакка жетекчи болуп барган соң тажрыйбасы болсо да, келечекке болгон прогнозунун жоктугунан, билиминин жетишпегендигинен өндүрүш иштерин алып кете албай жатышат. Андыктан ар бир министр өзүнө ошол жааттагы окумуштууну штаттык негизде кеңешчи кылып алса жакшы болмок", — деди Жапаров.

Депутат илим менен тажрыйба айкалышкан учурда гана өнүгүү болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0