Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эгембердиев: ата-энелер, балдар сууга түшүүгө жалгыз кетпесин

© Sputnik / Асель АкматалиеваНачальник управления МЧС КР по Чуйской области Азис Эгембердиев
Начальник управления МЧС КР по Чуйской области Азис Эгембердиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Азис Эгембердиев аталган башкармалык облустагы суу объектилерин инвентаризациядан өткөргөндүгүн айтты.
Эгембердиев: ата-энелер, балдар сууга түшүүгө жалгыз кетпесин

Чүй облусунун аймагында жалпысынан 399 көлмө, канал суулары болсо, анын 22си гана түшүүгө жарактуу. Бул тууралуу Азис Эгембердиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сууга түшүүгө кооптуу аймактарга тыюу салган атайын белгилер орнотулууда.

"Жай мезгилинде балдар каникулга чыгышат. Келген туристтер да Чүй облусу аркылуу республиканын башка аймактарына барышат. Андыктан бул учурда сууга түшкөндөрдүн саны көбөйөт. Тилекке каршы, жаш балдар ата-энесинин көзөмөлүсүз, өз алдынча кооптуу аймактарда киринип, кырсыкка учурап калып жатышат. Балдар түшкөн суулар көбүнесе сугатчылык багытында колдонулат, терең же астында таш, дүмүрлөр бар болуп калат. Балдарга мындай кооптуу жагдайлар боюнча окуу учурунда мектептерди кыдырып айтып келебиз. Сууга түшүүгө болбогон жайларга атайын белгилерди да коюп жатабыз. Ошентсе да ата-энелерди өз балдарына көңүл бурууга, чоң кишинин кароосу жок сууга түшүүгө жибербөөгө чакырып кетем", — деди Эгембердиев.

Ал сууга түшүүгө уруксат берилген 22 көлмө, бассейндерде куткаруучулар иштерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0