Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рыспаев: жергиликтүү кеңештин депутаттарын окутуп жатабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековЖергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча эксперт Бакыт Рыспаев
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча эксперт Бакыт Рыспаев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча эксперт Бакыт Рыспаев аталган тармактын адистеринин билимин жогорулатуучу окуу курсу ачылгандыгын кабарлады.
Рыспаев: жергиликтүү кеңештин депутаттарын окутуп жатабыз

Аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында атайын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окуткан тренинг өткөрүп жатабыз. Бул тууралуу Бакыт Рыспаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган окуу курстарында аймактык саясий ишмерлерге этика боюнча да сабактар өткөрүлөт.

"Жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сурай келгенде, алар бештен баштап 10-15 адамга чейинки атаандаштыктан жеңип чыгып, шайланганын айтышат. Демек бул адам жөнөкөй киши эмес. Анын өзүнүн аймагын өнүктүрүүгө кошо турган салымы, билими жана максаттары болот. Бирок аталган тармакта билиминин аздыгынан көп пландары ишке ашпай калышы мүмкүн. Биз өзүбүз ушул тармакта иштеп, көп жылдан бери эл аралык уюмдар менен биргеликте аймактарды кыдырып тренингдерди өтүп жүргөндүктөн, учурда борбор калаага да окутуу курстарын ачтык. Азыркы мезгилде ишти Чүй облусунан баштап, Аламүдүн районунун эл өкүлдөрү менен айыл өкмөттөрүн окутуп жатабыз. Андан кийин башка райондорго барабыз. Келечекте мындай тренинг менен бүт республиканы кыдырсак деп пландоодобуз", — деди Рыспаев.

Ошондой эле ал тренингге катышкысы келген аймактык саясий ишмерлер өз айыл өкмөт, мэрия жана башка административдик мекемелерден окуу графиктерин билип алса болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0