Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Садыков: Улуттук университетте медициналык факультет ачууну пландап жатабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековЖусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Канат Садыков. Архив
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Канат Садыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Канат Садыков аталган окуу жайга жыл сайын 450дөй гранттык орун бөлүнө турганын айтты.
Садыков: Улуттук университетте медициналык факультет ачууну пландап жатабыз

Азырынча Кыргыз улуттук университетине бул жылы канча гранттык орун бөлүнөрү белгисиз. Негизи жыл сайын педагогикалык жана табигий илимдер багытындагы гранттык орунга 450дөй абитуриент кабыл алынат. Бул тууралуу Канат Садыков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн токтомунун жыйынтыгына ылайык канча абитуриент акысыз билим ала турганы белгилүү болот.

"Бул жылы так канча абитуриентти гранттык негизде кабыл аларыбыз азырынча белгисиз. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат. Бул нерсе өкмөттүн токтомунун жыйынтыгы менен белгилүү болот. Эгер буга чейинки жылдар боюнча айта турган болсом, негизи жыл сайын жалпы 450дөй гранттык орун бакалаврдык билим берүүгө берилип жүрөт. Студенттер педагогикалык жана табигий илимдер тармагында акысыз билим ала алышат", — деди ректор.

Ал ошондой эле аталган окуу жай медициналык факультет ачууну пландап жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0